Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова отставкага кетти

28 июля 2020, 11:15

Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова отставкага кетти. Анын ордуна Виктория Мозгачева социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалды. 

 

Татьяна Кузнецова мэрдин орун басары болуп 2019-жылдын февраль айында келген. Ал 2000-жылдан бери Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында иштеген. Ошондой эле Октябрь райондук акимиатында жетекчинин орун басары болгон.