ЕРӨБ вице-президенти Кыргызстанга келет

26 февраля 2024, 11:41

Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын саясат жана өнөктөштүк маселелери боюнча вице-президенти Марк Боуман 27-февралдан 1-мартка чейин иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө ал өлкөнүн, дипломатиялык коомчулуктун жетекчилери жана банктын кардарлары менен жолугат.

Атап айтканда, ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экономика жана коммерция министри жана ЕРӨБдүн губернатору Данияр Амангелдиев жана юстиция министри Аяз Баетов менен жолугат.