Литва Кыргызстандын соода сунушун кароого даяр

17 октября 2019, 11:33

Жогорку Кеңештин төрагасы дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делагация Вильнюс шаарында бир катар жолугушууларды өткөрүштү. 

Жолугушуу учурунда Литванын Сейм төрагасы Виктор Пранцкетис менен эки тарап суроолорду талкуулашты жана эки тараптын парламенттик кызматташтыгы, тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

«Соода-экономикалык байланыш тууралуу сүйлөшө турган болсок, Литва Кыргызстандан түшкөн бардык сунуштарды кароого даяр. Биздин темир жол бизди көптөгөн олкөлөр менен байланыштырып турат, Литванын деңиз порту менен дүйнөнүн 65 мамлекети менен мамиле түзсө болот», — деп билдирди Викторас Пранцкетис.