Кыргызстанда балык багуу кирешелүү

8 апреля 2019, 13:21

 Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков  агрардык саясат боюнча комитетте, балык багуу кирешелүү  тармак деп билдирди. 

«Бул тармакка тийиштүү көңүл бурсак жакшы болот. Аны ИДӨ  токой чарбасы менен аралаштырып карабашыбыз керек. Кыргызстанда балык чарбасы өнүгүп өсүүчү тармак катары келечектүү» –деди ал. 

Фермерлерге балык өстүрүү үчүн насыялар берилиши зарыл. Эгерде бул тармакта бизнес баштаса, эки жылда актайт деп билдирди депутат.