Владимир Путин Кыргызстанга келди

9 декабря 2022, 09:25

Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Орусиянын президенти Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.

Владимир Путин 2020-жылы бийлик алмашкандан бери Кыргызстанга биринчи жолу келди. Жазындагы саммитке келбей, ага онлайн форматта катышкан.