Кытай бийлиги жапайы жандыктардын этин сатууга тыюу салды

28 января 2020, 14:30

Кытай бийлиги өпкөнү сезгентүүчү, коронавирусту чакыруучу оорунун алдын-алуу максатында, жапайы жандыктардын этин сатууга тыюу салды. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди. 

Бул чечим, оорунун булагы жыландын, жарганаттын эти болушу мүмкүн деген эксперттердин пикиринен улам кабыл алынган. 

«Базар, супермаркет, тойкана жана буйрутма алган жайлардын бардыгында жапайы жандыктардын этин сатууга тыюу салынды», — деп жазылат базарларды жөнгө салуу Мамлекеттик башкарманын жана Мамлекеттик айыл-чарба агенттигинин документинде. 

Ушул эле учурда бардык фермаларда карантин жүргүзүлүп жатат. 

«Бул тартипти бузгандардын чарба субъектилери жабылат жанан ээлеринен лицензиялар тартылып алынат. Андан сырткары бул иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет», — деп жазылат маалыматта.