Өкмөт шекер менен майга кошумча нарк салыгын 0%га түшүрдү

4 мая 2021, 10:00

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу кум шекердин жана өсүмдүк майынын салык салынуучу импортуна кошумча нарк салыгынын ставкасы 0%ды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалат.

Мындай чечим Кыргызстандын базарларындагы бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынды. Нөл өлчөмү ушул жылдын аягына чейин күчүндө болот.

Чечим 1-апрелде күчүнө кирген, бирок өкмөттүн сайтында токтом ушул жылдын 30-апрелинде чыккан деп көрсөтүлгөн.