Балдар адабияты боюнча лауреаттарга 50 миң сом өлчөмүндө сыйлык тапшырылды

26 мая 2021, 17:00

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов балдар адабияты боюнча Өкмөттүк сыйлыктын лауреаттарына сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлыктын лауреаттарынын ар бирине 50 миң сомдон берилди, алар:

  • Аман Наматов "Гүлчечекей кулунчак" чыгармалар жыйнагы үчүн "Балдар үчүн мыкты жарыяланган поэтикалык чыгармасы үчүн" номинациясы боюнча;
  • Ырысбай Абдыраимов "Түбөлүктүү чеп" чыгармалар жыйнагы үчүн "Балдарга арналган мыкты жарыяланган проза үчүн" номинациясы боюнча;
  • Сатыбалды Мамбеталиев “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине мыкты которгону үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” жыйнагын которгону үчүн.