Салык кодексинин жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

2 сентября 2021, 16:34

Экономика жана финансы министрлиги коомдук талкууга Салык кодексинин жаңы редакциясын сунуштады. Долбоор министрлер кабинетинин сайтында жайгаштырылган.

Демилгечилер Салык кодекси түп тамырынан өзгөртүлбөй турганын белгилешүүдө. Ага учурдун талаптарына жана ЕАЭБдин эрежелерине жооп берген бөлүмдөр кирет.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору салык салуунун эки негизги ыкмасын: киреше салыгы, сатуудан алынуучу салык сыяктуу негизги салыктарды жана Бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн системаны караган жалпы салык режимин киргизүүнү сунуштайт.

Ошондой эле Google сыяктуу чет элдик компаниялардын кызматтарына КНС киргизилет.