Бекешев: Бийлик Улуттук банктан кирешени алдын ала төлөөнү талап кылууда

29 сентября 2021, 08:45

Улуттук банк өлкөнүн бюджетине эки миллиард сомдон ашык киреше төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Telegram каналында билдирди.

Белгилей кетсек, пайда азырынча түшө элек жана мекеме бул каражаттарды алдын ала төлөөгө милдеттүү болгон. Бул боюнча Улуттук банктан комментарий алуу азырынча мүмкүн боло элек.