Бийлик өлкөдөгү ирригациялык системаны оңдоого 100 млн сом бөлөт

17 сентября 2021, 10:50

Ушул жылдын апрель-июль айларында нөшөрлөп жааган жамгырдын жана селдин кесепетинен талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүнгөн каражаттын алкагында дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу максатында суу чарба объектилерин оңдоо иштери да жүргүзүлөт.

Суу чарба мамлекеттик агенттигине 2021-жылы каралган оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин бүтүшүн камсыздоо тапшырылды.