Баатырбеков: Ишкерлер тойлорду жашыруун өткөрүп жатышат

24 сентября 2020, 11:00

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков пандемияны эске алуу менен Өкмөт ишкерликти колдоо үчүн антикризистик чараларды, салыктык жеңилдиктерди кабыл алганын айтты. Бирок ишкерлер коронавариска каршы күрөшүүгө жардам берүүнүн ордуна, ар кандай амалдарды жасап, адамдарды кафе-ресторандарынын артындагы эшиктеринен киргизип, тойлорду жашыруун өткөрүп жаткандыктарын белгиледи. 

Бул боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга эл көп чогулган массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөрүүгө тыюу салуу талабынын сакталышы боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Алмазбек Баатырбеков тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, Өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл алат. 

Алмазбек Баатырбеков  Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде дары-дармектердин, жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттардын жана антисептиктердин үч айлык запасын кыскартылгыс көлөмдө түзүп туруу тапшырмасын берди. 

Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга көзөмөлгө алган тармактары боюнча бир катар тапшырмалар берилди.