ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсү быйылкы жылдын январь-августунда 521,9 млрд доллардан ашты

21 октября 2021, 09:45

ЕАЭБдин тышкы соодасы 2021-жылдын январь-августунда 521,9 миллиард доллардан ашты. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сооданын көлөмү 32,7%га өстү, деп айтылат ЕЭКтин отчетунда.

Товар жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгүн 319,6 миллиард доллар менен экспорт түзөт. Былтыр ЕАЭБдин экспорту 230,7 миллиард доллар болчу. 

ЕАЭБ импорту дээрлик 202,3 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 миллиард долларга көбөйдү.