Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 14% га өстү

11 июня 2021, 13:30

Тышкы соода жүгүртүү 2021-жылдын январь-апрель айларында 2,1 млрд долларды түзүп, 2021-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 13,9% га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Экспорт 8,7% га төмөндөп, 590,4 млн долларды, ал эми импорт 26,2% га көбөйүп, 1 млрд 493,9 млн долларды түзгөн.