ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн банктарынын тышкы карызы 128 млрд $ ашты

27 июля 2022, 09:19

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн банктарынын тышкы карызы 1-апрелге карата 128 миллиард 160,1 миллион долларды түздү, деп билдирет ЕЭК.

2021-жылдын апрель айынан бери карыз 82 миллиард 416,9 миллион доллардан 1,5 эсеге өстү. Өсүш Армения менен Кыргызстандан башка биримдиктин бардык өлкөлөрүндө байкалды. Жаңы тышкы кредиттердин көбүн Орусия жана Казакстандын банктары алган. Биринчиси карызды 1,6 эсеге, 111 миллиард 186 миллион долларга чейин, Казакстан Республикасынын финансы-кредиттик мекемелери 1,7 эсеге, 8 миллиард 225,4 миллион долларга чейин көбөйткөн.  

Бирок Армения менен Кыргызстанда банктар, тескерисинче, карыздык жүгүн 124,6 миллион долларга жана 24,3 миллион долларга азайтышты.