Кыргызстанда жеке сектордун тышкы карызы 4,5 млрд доллардан ашты

23 июля 2021, 13:30

ЕЭКтин отчетуна ылайык, ушул жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 8,6 миллиард долларды түздү, анын 4,1 миллиард доллары мамлекеттик карыз, 4,5 миллиарддан ашыгы жеке сектордун карызы.

Компаниялар аралык насыянын көлөмү 1,5 миллиард доллардан ашты, банк насыялары - 326,9 миллион доллар, акча-кредиттик жөнгө салуу органдарыныкы - 120 миллион доллардан ашты.

Башка тармактардын карыздары дээрлик 2,5 миллиард долларга жетет.