ЕАЭБ мамлекеттеринин тышкы карызы 14,3%га кыскарды
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы карызы 2023-жылдын 1-апрелине карата өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 14,3%га азайды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаменти билдирди.
Тышкы карыздын азайышы негизинен Беларуста жана Орусияда байкалып жатканы белгиленген.
Жалпысынан ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде 2020-жылдан бери тышкы карыздын ИДПга карата пайыздык көрсөткүчүндө жалпы кыскаруусу байкалган.