Доллардын төмөндөшүнөн улам тышкы карыз 5,4 млрд сомго кыскарды

13 октября 2022, 09:28

Кыргызстандын тышкы карызы август айынын аягында улуттук валютада 177 миллиард 304,9 миллион сомду түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги билдирет.

Июль айына салыштырмалуу сумма 6 миллиард 639 миллион 890 миң сомго азайган. Анын ичинен 1 млрд 202,4 млрд сому тышкы карыздын бир бөлүгүн төлөөнүн эсебинен, 5 млрд 437,5 млн сому АКШ долларынын кунунун 2,98%га төмөндөшүнүн эсебинен болду.

Август айынын аягында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 5 миллиард 219,62 миллион долларды түзгөнүн кошумчалайбыз.