Кыргызстандын тышкы карызы бир айда 393 млн сомдон ашык акчага көбөйдү

17 сентября 2021, 09:56

Июлдун аягында Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 162,93 миллион долларды түздү, деп билдирди Экономика жана финансы министрлиги.

Карыз улуттук валюта менен эсептегенде 352 миллиард 843,36 миллион сомго бааланууда. Мекеменин документтеринде июль айында 1 долларга 84,7585 сомго эсептелгени көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда, эгер тышкы карыз июнь айынын курсуна 1 доллар үчүн 84,664 сом менен которулса, анда сумма 352 миллиард 450,3 миллион сомду түзөт.

Ошентип, бир ай ичинде АКШ долларынын курсунун өзгөрүшүнө (9,45 центке өсүү) байланыштуу өлкөнүн тышкы милдеттенмелери 393 миллион 54,5 миң сомго көбөйдү.