ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен карызы - 670 млрд 176.7 млн $ түзгөн
Евразия экономикалык биримдикке мүчө болгон мамлекеттердин үстүбүздөгү жылдын 1-апрелге карата тышкы карызы 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2.2% же 15 млрд долларга кыскарган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия маалымдады.
Муну менен катар Армениянын тышкы карызы 8.4%, Белорусияныкы - 1.4% жогорулаган. Ал эми Казакстандын тышкы карызы - 3.1%, Кыргызстандыкы - 0.2%, Орусияныкы - 2.5 % төмөндөгөн.
Армения менен Кыргызстандын тышкы карызынын өсүшүнүн себеби банк секторуна болгон карыздын көбөйүшү менен байланыштуу (өсүү темпи 121.1% жана 107.2% түзгөн), Белорусия жана Казакстандыкы - 139,5% жана 101,2%, Орусияда - 113,6%өсүү байкалган.
2020-жылдын 1-апрелине карата, ЕАЭБдин тышкы карызы 670 млрд 176,7 млн долларды түзгөн. Биримдиктеги өлкөлөрдүн карызынын түзүмүндө түз инвестициялар (ишканалар аралык насыялоо) - 241 млрд 996,1 млн долларды түзгөн.