Тышкы жана өз ара соода 41% өстү
Быйылкы жылдын 11 айында өлкөнүн тышкы жана өз ара соодасы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41%га өстү. Бул өкмөттүн жыйынтыктоочу жыйынында экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Ал кошумчалагандай, импорт 76,4%га өссө, экспорт 23,1%га азайган.
Мындан тышкары, Экономика министрлигинин башчысы айыл чарбасында 323 миллиард сомдук дүң продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын ушул мезгилине карата реалдуу өсүү темпи 106% түзгөнүн белгиледи.
Курулуш тармагында да өсүш байкалып, январь-ноябрь айларында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү дээрлик 131 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 105%га өстү.
Ошондой эле тейлөө тармагынын жүгүртүүсү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,4%га өскөндүгү белгиленди.