ЕАЭБдин тышкы соодасы 10,5% га төмөндөдү

19 апреля 2021, 12:30

ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь айында 46.6 млрд $ түздү. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда көлөм 10.5%га азайганын Евразияя экономикалык комиссиясы билдирди. 

Ошентип, товарлардын экспорту 28,3 миллиард долларды, импорт 18,3 миллиард долларды түзсө, экспорттун көлөмү 17 пайызга азайып, импорт 1,9 пайызга көбөйгөн.

Адатта, соода жүгүртүүнүн көпчүлүк бөлүгүн Орусия ээлейт - 39,3 миллиард доллар, Казакстандын жүгүртүүсү - 4,3 миллиард доллар, Беларусия - 2,4 миллиард доллар, Армения - 270 миллион доллар, Кыргызстан - 183 миллион доллар.