ЕАЭБдин тышкы соодасы бир жылдын ичинде 19,1% га өстү

28 июля 2021, 13:30

ЕАЭБ мамлекеттеринин биримдиктен тышкаркы өлкөлөр менен товарлардын тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-май айларында 297,4 миллиард долларды түздү, анын ичинен товарлардын экспорту - 176,6 миллиард доллар, импорт - 120,8 миллиард доллар, деп билдирди ЕЭК. 

2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 19,1% га, же 47,6 млрд долларга көбөйгөн, анын ичинен экспорт - 15,2% га (23,3 млрд долларга), импорт - 25,2% га (24,3 млрд долларга).