Кыргызстандын ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр менен тышкы соодасы 2,3 млрд доллардан ашты
ЕЭКтин отчетуна ылайык ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстандын ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 2,3 миллиард доллардан ашты.
Дээрлик 1,8 миллиард долларды импорт түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товар жүгүртүү 60,6%га өстү.
Экспорттук жеткирүүлөр 570 миллион долларды түзүп, товар жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 39,1%га кыскарды.