ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 16.4% төмөндөгөн

19 января 2021, 15:00

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү өткөн жылдын январь-ноябрь айларында 558.4 млрд долларды түздү. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу айлануу 16.4% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

 

 

Комиссиянын маалыматына ылайык, ЕАЭБдин экспорту 22% төмөндөп, 326.8 млрд долларды түзгөн. Импорт 231.5 млрд долларга жеткен. 

2020-жылдын ноябрында ЕАЭБдин өлкөлөрү 56.2 млрд долларга соода жүгүртүшкөн. Анын ичинен 32.2 млрд доллар – экспортту, 24 млрд доллар  – импортту түзөт.