Комбанктардын эсебинен капиталга ички инвестиция 34,5% га кыскарды

27 сентября 2021, 11:44

Кыргызстанда ушул жылдын январь-августунда 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ички булактардын эсебинен каржыланган негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 0,24%га көбөйдү, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.

Мында ишканалардын жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен 4,1%га, банктык кредиттер 34,5%га кыскарган. Ошол эле учурда республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган инвестициялар 1,5 эсеге, калктын каражаттары 2,34%га өстү.

 

Мындан тышкары, каралып жаткан мезгилде ишканаларга ички инвестициялардын эсебинен 46 миллиард 912,8 миллион сом түшкөн.