ИИМдин ички аскерлери 16 млн сомго азык-түлүк сатып алышат

26 февраля 2024, 09:40

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгы 2024-жылдын 1-кварталына азык-түлүк сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 16 миллион сомду түзөт.

Жалпысынан тез бузулуучу негизги продукциянын 31 түрүн сатып алуу пландаштырылууда.