Аукцион өтпөй калгандыктан Кыргызстандын ички карызы 400 млн сомго көбөйгөн жок

10 сентября 2021, 16:45

Улуттук банктын 10 жылдык Мамлекеттик казына облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукциону суроо-талаптын жоктугунан болгон жок, деп маалымдалды мекеменин сайтында.

Белгилей кетсек, Улуттук банк 400 миллион сомдук баалуу кагаздарды жайгаштырууну көздөгөн.