Кыргызстандын ички карызы 136,4 млрд сомго өстү

26 декабря 2023, 11:22

Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдери боюнча ички карызы 26-декабрга карата 136 млрд  414 млн 571,3 миң сомду түздү. 

22-декабрга салыштырмалуу 134 млрд 204 млн 895,3 миң сомдон 2,2 млрд сомго көбөйгөн.

Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү 7 жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду. Аукцион 22-декабрда өткөн.

Кошумчалай кетсек, алгач Каржы министрлиги бюджетке 2,5 млрд сом тартууну пландап, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Натыйжада башкармалык аны 2,2 млрд сомго канааттандырды. Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 16,3%ды түздү.