Кыргызстандын ички карызы 60 млрд сомдон ашты

8 октября 2021, 09:21

Улуттук банктын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстандын ички карызы 60 миллиард 166 миллион 672,1 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, бул республиканын эгемендүүлүгүнүн тарыхындагы эң жогорку баа. Буга чейин эч качан ички милдеттенмелер 60 миллиард сомдон ашкан эмес.

Ички карыздын өсүшү 4-октябрда болгон. Бул мамлекеттик облигациялар аркылуу алынган карыздардын 285 миллион сомго, ошондой эле мамлекеттик векселдердин 93 миллион сомго көбөйүшүнө байланыштуу. Жалпысынан ички карыз 1-октябрдан 4-октябрга чейин 378 миллион сомго көбөйдү. Бул сумма бюджетке 12 айдан эки жылга чейинки мөөнөткө тартылган.