Кыргызстандын ички карызы жума күндөн тарта 285 млн сомго өстү

11 октября 2022, 14:27

Кыргызстандын ички карызы 7-октябрдан бери 285 миллион сомго көбөйүп, 84 миллиард 140,9 миллион сомго жетти. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Өсүү жүгүртүүдөгү жети жылдык мамлекеттик казына облигацияларынын көлөмүнүн 29 миллиард 62,1 миллион сомдон 29 миллиард 347,1 миллион сомго чейин көбөйүшү менен шартталган.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөнүн ички карызы 60 миллиард 418,8 миллион сомду түзсө, муну менен бир жыл ичинде Кыргызстандын ички карызы 23,7 миллиард сомго көбөйдү.