Кыргызстандын ички карызы 2,1 млн сомго кыскарды

6 июня 2023, 09:34

Ушул жылдын 5-июнуна карата Кыргызстандын мамлекеттик казына векселдери жана облигациялары аркылуу ички карызы 95 миллиард 321 миллион 429,3 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар республиканын Улуттук банкынан белгилүу болду.

2-июнда карыз 95 миллиард 323 миллион 569,3 миң сом болчу. Муну менен бир сутка ичинде ички карыз 2 миллион 140 миң сомго азайды.

Ошентип, республика 12 айлык мамлекеттик векселдер боюнча милдеттенмелерин аткарды. Документтер 2022-жылдын 2-июнунда жайгаштырылган. 6,5% менен 2 млн 140 миң тартылган.