Кыргызстандын ички карызы 1,5 млрд сомго кыскарды

23 ноября 2023, 16:24

Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдериндеги ички карызы 22-ноябрга карата 131 млрд 777,7 млн сомду түздү.

21-ноябрга салыштырмалуу 1,5 млрд сомго азайган. Ички карыздын төмөндөшү жүгүртүү мөөнөтү эки жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштырууга байланыштуу. 

Кошумчалай кетсек, 1,5 млрд сом 2021-жылдын 19 жана 22-ноябрында жайгаштырылган.