Кыргызстандын ички карызы 210 млн сомго кыскарды

17 марта 2023, 10:30

Кечээ, 16-мартка карата Кыргызстандын мамлекеттик казына векселдери жана облигациялары боюнча ички карызы 91 миллиард 459 миллион 165,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Ал эми 15-мартта карыз 91 миллиард 669 миллион 165,8 миң сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде ички карыз 210 миллион сомго кыскарды.

Муну менен, Кыргызстан 3 жылдык казыналык облигациялар боюнча өз милдеттенмелерин төлөп берди. Алгач мекеме 400 миллион сом тартууну пландаган, бирок суроо-талап аз болгондуктан 210 миллион сом гана түшкөн. Каржы министрлиги аны канааттандырууну чечкен. Документтер 2020-жылдын 13-мартында жайгаштырылган. Акча жылына 9,05%, 5% купондук чен менен тартылган.