Кыргызстандын ички карызы 242.9 млн сомго кыскарды

4 мая 2021, 14:30

3-майга карата Кыргызстандын ички карызы 58 миллиард 657 миллион 339,1 миң сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматында айтылат.

Ошол эле учурда, расмий маалыматтар боюнча, 28-апрелге карата өлкөнүн ички карызы 58 миллиард 900 миллион 272,1 миң сомду түздү. Андан бери карыз 242 миллион 933 миң сомго азайды.

Кошумчалай кетсек, ички карыздын азайышы мамлекет тарабынан эки жылдык облигациялар боюнча милдеттенмелеринин бир бөлүгүн төлөгөндүгүнө байланыштуу болду.