Кыргызстандын ички карызы 700 млн сомго кыскарды

21 февраля 2024, 10:46

Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдериндеги ички карызы 20-февралга карата 138 млрд 156,3 млн сомду түздү.

Ал эми 19-февралда ал 138 млрд 856 млн 271,3 миң сомду түзгөн. Карыз 700 млн сомго азайган.

Ички карыздын төмөндөшү 7 жылдык облигациялар боюнча өкмөттүн бул сумма боюнча милдеттенмелерин төлөп берүүсүнө байланыштуу болгон. Баалуу кагаздар 2017-жылдын 17 жана 20-февралында 18% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.