Кыргызстандын ички карызы дагы 200 миллион сомго өсүп, 1 млд $ ашты

6 сентября 2022, 09:19

Кыргызстандын мамлекеттик векселдер жана облигациялар боюнча ички карызы 5-сентябрга карата 83 миллиард 414 миллион 795,8 миң сомду же 1 миллиард 30,2 миллион долларды түздү. Мындай статистиканы республиканын Улуттук банкы билдирди.

Ошентип, дем алыш күндөрү ички карыз 200 миллион сомго көбөйдү. Буга өлкөнүн казыналык облигациялар аркылуу карыз алуусунун өсүшү себеп болгон.

Тактап айтканда, 2-сентябрда көзөмөлдөөчү орган Каржы министрлигинин тапшырмасы менен эки жылдык облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Министрликтин сунушу толугу менен канааттандырылып, баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк 15% түздү.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери эки жылдык мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 6,11 пайыздык пунктка (2022-жылдын мартындагы 8,89 пайыздан) өскөн же республиканын бул түрдөгү облигациялар боюнча карызы 68,73 пайызга кымбаттаган.