Кыргызстандын ички карызы 1 млрд 300 млн сомго өстү

28 февраля 2024, 14:00

Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 26-февралга карата 139 млрд 469 млн 271,3 миң сомду түздү. 

22-февралга салыштырмалуу 1 млрд 313 млн сомго көбөйгөн. Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү 7 жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду.

Баалуу кагаздар 22 жана 26-февралда (кошумча жайгаштыруу) 16,3% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.