Кыргызстандын ички карызы 216,1 млн сомго өстү

10 ноября 2022, 10:15

Бүгүн, 10-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 84 миллиард 965 миллион 407,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды. 

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, 4-ноябрга карата ички карыз 84 миллиард 749 миллион 265,8 миң сомго бааланган. Ошентип, бул убакыт аралыгында ички карыз 216 миллион 142 миң сомго көбөйгөн.

Өлкөнүн ички карызынын өсүшү Каржы министрлигинин 7 жылдык облигациялар аркылуу карыз алуусу менен байланыштуу. Жайгаштыруу 4-ноябрда болгон. Алгач мекеме аукциондон мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен 1,3 миллиард сом алууну пландаган. Бирок суроо-талап аз болуп, Каржы министрлиги аны жарым-жартылай канааттандырууну чечкен. Сооданын жыйынтыгында 215 миллион сомдук облигациялар жылдык 15,8% менен жайгаштырылган. 

Мындан тышкары, министрлик 3-ноябрда 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жылдык 8,43% менен 1 млн 142 миң сомго жайгаштырган. Кошумчалай кетсек, башында 50 миллион сом тартуу пландалган.