Кыргызстандын ички карызы 280 млн сомго өстү

7 марта 2023, 08:32

Кыргызстандын мамлекеттик казына векселдери жана облигациялары боюнча ички карызы 6-мартка карата 91 миллиард 502 миллион 685,8 миң сомго бааланды. Бул маалыматты жөнгө салуучу орган берди.

Карыз 3-мартка салыштырмалуу 280 миллион сомго көбөйгөн. Бул Каржы министрлигинин 7 жылдык облигацияларды жайгаштыруусунан улам болду.

Кошумчалай кетсек, баалуу кагаздардын аукциону 3-мартта өткөн. Жарыяланган көлөм 550 миллион сомду түзсө, суроо-талап дээрлик эки эсе аз болгон. Натыйжада, Каржы министрлиги суроо-талапты толугу менен канааттандырып, 7% купондук ставканы жылдык 16,2% менен акча тартты.