Кыргызстандын ички карызы 37 млн сомго өстү

31 января 2023, 17:25

Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдери боюнча 30-январга карата ички карызы 90 миллиард 394 миллион 225,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Ошол эле учурда көзөмөл органынын маалыматы боюнча, карыз 27-январга карата 90 миллиард 357 миллион 225,8 миң сомго бааланган. Демек, бул убакыттын ичинде мамлекеттик карыз 37 миллион сомго көбөйгөн.

Өлкөнүн ички карызынын өсүшү Каржы министрлигинин беш жылдык облигациялар аркылуу карыз алуусу менен байланыштуу. Иш-чара 27-январда болгон. Алгач мекеме аукциондон мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен 350 миллион сом алууну пландаган. Бирок, суроо-талап бир топ төмөн болгон. Сооданын жыйынтыгында 37 миллион сомдук облигациялар жылдык 16% менен жайгаштырылды.