Кыргызстандын ички карызы 6,7 млрд сомго өстү

5 сентября 2023, 15:01

Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 4-сентябрга карата 111 миллиард 990,2 миллион сомду түздү.

1-сентябрга салыштырмалуу сумма 6,7 миллиард сомго көбөйгөн. Бул жүгүртүү мөөнөтү 15 жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду.

Кошумчалай кетсек, алгач Каржы министрлиги бюджетке 6 миллиард 770 миллион сом тартууну пландап, ал суроо-талаптан жогору болуп чыкты. Жыйынтыгында мекеме аны пландагы 6 миллиард 676 миллион сомго канааттандырды. Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 13%ды түздү.