Кыргызстандын ички карызы 6,9 млрд сомго өстү

15 августа 2023, 10:18

Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 14-августка карата 104 миллиард 500,5 миллион сомду түздү.

Сумма 11-августка салыштырмалуу 6,9 млрд сомго көбөйгөн. Көбөйүү 10 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду. Белгилеп кетсек, аукцион 11-августта өтүп, бирок маалыматтар кечээ гана чагылдырылган.

Кошумчаласак, алгач Каржы министрлиги бюджетке 6,9 миллиард сом тартууну пландап, бирок суроо-талап жогору болуп чыкты. Натыйжада мекеме аны пландагы 6,9 миллиард сомго канааттандырды. Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 13%ды түздү.