Кыргызстандын ички карызы 83,2 млн сомго өстү

27 октября 2021, 09:10

Кыргызстандын векселдер жана облигациялар боюнча ички карызы 26-октябрга карата 60 миллиард 788 миллион 88,1 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар республиканын Улуттук банкы тарабынан берилди.

Ошол эле учурда өткөн жуманын аягынан тарта республиканын ички милдеттенмелеринин жогорулашы байкалган. Алсак, 22-октябрда 60 миллиард 704 миллион 846,1 миң сомду түздү. Муну менен карыз 83,2 миллион сомго көбөйгөн.

Ички карыздардын көбөйүшү алардын эки жылдык облигациялар боюнча 1 млн 612 миң сомго, 12 айлык векселдердин 81 млн 630 миң сомго өсүшүнө байланыштуу болду.