Кыргызстандын ички карызы бир жылда дээрлик 25% өстү

24 июня 2022, 08:34

Кыргызстандын ички карызы (облигациялар жана векселдер) 22-июнга карата 74 миллиард 193 миллион 401,6 миң сомго бааланды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Алардын басымдуу бөлүгүн, 98,77%ын мамлекеттик казына облигациялары аркылуу мамлекеттик карыздар, калганын мамлекеттик казына векселдери түзөт.

Былтыр 22-июнда ички карыз 59 миллиард 480 миллион 345,1 миң сомду түзгөн. Алсак, бир жыл ичинде карыз 14 млрд 713 млн 056,5 миң сомго же 24,7%га өскөн.