Кыргызстандын ички карызы дем алыш күндөрү 768,4 млн сомго өстү

25 октября 2022, 11:22

Бүгүн 25-октябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 84 миллиард 749 миллион 265,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, ички карыз 21-октябрга карата 83 миллиард 980 миллион 895,8 миң сомду түзгөн. Ошентип, төрт күндүн ичинде ички карыз 768 миллион 370 миң сомго көбөйгөн. Өлкөнүн ички карызынын өсүшү Каржы министрлигинин 10 жылдык облигациялар аркылуу карыз алуусу менен байланыштуу. Жайгаштыруу 21-октябрда болгон. Сооданын жыйынтыгында 850 миллион сомдук облигациялар жылдык 16,42% менен жайгаштырылды.

Ошол эле учурда министрлик 21-октябрда 12 айлык векселдердин линиясы боюнча 81 миллион 630 миң сомдук милдеттенмелерди төлөгөн. Мамлекеттик баалуу кагаздар 2021-жылдын 21 жана 25-октябрында 8% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.