Кыргызстандын ички карызы дээрлик үч млрд сомго өстү

23 мая 2023, 08:50

Кыргызстандын мамлекеттик казыналык кагаздар, облигациялар жана векселдер боюнча ички карызы 22-майга карата 95 миллиард 283 миллион 569,3 миң сомго бааланды. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.

19-майга салыштырмалуу ички карыз 2 миллиард 770 миллион 393 миң сомго көбөйгөн. Бул Каржы министрлигинин 10 жылдык облигациялар линиясы боюнча жаңы карыз алуусу менен байланыштуу.

Белгилеп кетсек, адегенде аларды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 3,7 миллиард сом тартуу пландалып, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Натыйжада Финансы министрлиги болгон суроо-талапты толук канааттандырды. Баалуу кагаздардын орточо кирешелүүлүгү 13,9% деңгээлинде түптөлсө, максималдуу көрсөткүч 16,55%га жеткен.