Ички карыз мамлекеттик 10 жылдык облигациялардын эсебинен көбөйдү

16 января 2024, 12:50

Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 15-январга карата 136 миллиард 702,9 миллион 215 сомду түздү.

Карыз 12-январга салыштырмалуу 300 миллион сомго көбөйгөн. Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду.

Баалуу кагаздар 12-январда 14,95% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.