Ушул жылдын II кварталында кыргызстандыктар уюктук телефондун балансын 5,3 млрд сомго толтурушкан

2 сентября 2021, 10:20

2021-жылдын экинчи кварталында кыргызстандыктар уюктук байланышка 5,3 млрд сом коротушкан. Төлөм уюмдары аркылуу жүргүзүлгөн бүтүмдөрдүн саны 28,3 млрд операцияга жеткенин Улуттук банк билдирди.

Кыргызстандыктар терминалдар аркылуу туруктуу телефон байланышы үчүн 11,1 миллион сом (51,4 миң транзакция) төлөштү. Интернет төлөмдөрү 414 миллион сомду түздү.