Жаңы жылдык эс алуу күндөрү «Түндүкэлектр»  күчөтүлгөн тартипте иштейт

30 декабря 2019, 11:50

Жаңы жылдык майрам астында ААК «Түндүкэлектр» Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы электр тармагынын жумушун күчөттү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. 

31-декабрдан 7-январга чейин ААК «Түндүкэлектр» ишканасында калкты электр энергия менен тынымсыз камсыз кылуу үчүн бир катар иш пландар коюлган. Андан сырткары, «авария катталса, ашыкча техникалар даяр», - деп жазылат маалыматта.